27.11.2025 №1444 № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

№ 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

 

№20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин жазуу жүзүндөгү арызынын жарандардын өздөрүнүн ишенимдүү адам болууга макулдугу жөнүндө арыздарынын (2025-жылдын 26-ноябрындагы кириш №12/3970, №12/3994) негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 20-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. Төмөнкү жарандар №20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алымбеков Максат Джумакадыровичтин ишенимдүү адамдары болуп катталсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилсин:
  • Алымбекова Замира Раимкуловна;
  • Исламова Лола Нурмухаматовна;
  • Таштанбеков Мирлан Дукенович;
  • Тарасова Ирина Викторовна;
  • Жусупова Раана Миталиповна.
  1. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  2. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

        Төрага                                                                                                                    Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 27-ноябры

№ 1444