27.10.2025 №565 Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган үгүт материалдары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ар-намысына шек келтирген маалыматтарды тараткандык жөнүндө

Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузган үгүт материалдары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин ар-намысына шек келтирген маалыматтарды тараткандык жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу тобу (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 25-октябрындагы отурумда социалдык тармактарды байкоонун жүрүшүндө айкындалган “Facebook” социалдык тармагындагы “Бакмурат Токтогулов” (https://www.facebook.com/bakmurat.toktogulov) аккаунтунда жайгаштырылган жарыялоолорду “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдында үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештиги боюнча карап чыккан. 

Жумушчу топтун 2025-жылдын 25-октябрындагы № 7 чечими менен Токтогулов Бакмурат Турсуновичке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 66-беренелеринде каралган 75 жана 125 эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айып пулдар түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.  

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 66, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 25-октябрындагы № 7 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Токтогулов Бакмурат Турсуновичке протокол түзүп, 75 жана 125 эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндө айып пулдарды салуу милдети жүктөлсүн.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Токтогулов Бакмурат Турсунович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бегматовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                        Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 27-октябры

№ 565