27.11.2025 №1441 Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катын кароо тууралуу
Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч катын кароо тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2025-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынан чыг. № 22/3-4829 менен № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Халилова Гульназ Мажитовнаны жазык жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч кат келип түшкөн.
Бишкек шаарынын Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын өндүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүндө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон № 03-003-2025-004220 кылмыш иши тергелүүдө.
Өтүнүч катта тергөө иш-аракеттерин жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө №24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Халилова Гульназ Мажитовна жеке өзү жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аркылуу шайлоочуларды сатып алууга багытталган шайлоо алдындагы штабдын ишин уюштургандыгы көрсөтүлгөн.
Жарандар менен жалган макулдашуулар үгүтчүлөр менен түзүлгөн макулдашуулар катары таризделген, бирок иш жүзүндө шайлоочулардын добуштарын сатып алууга багытталган (ар бир добуш үчүн 2000 сом). Шайлоочулардын добуштарын сатып алууга багытталган 40 000 сом, ошондой эле тинтүү учурунда табылган 80 200 АКШ доллары, 116 000 сом жана 29 500 сом өлчөмүндөгү акча каражаттары документтештирилген.
Г.М. Халилованын тарапташтарынын акча каражаттарын кармоочуларга айып тагылып, башка жакка чыкпоо тууралуу тил кат түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 10-бөлүгүн жана 28-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
чечим кылат:
1. Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Халилова Гульназ Мажитовнаны кылмыш жоопкерчилигине тартууга, кармоого, камакка алууга же сот тартибинде салынуучу жаза чараларына тартууга макулдук берүү жөнүндөгү өтүнүч каты канааттандырылсын.
2. Ушул чечимдин көчүрмөсү Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына жана № 24 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Халилова Гульназ Мажитовнага жөнөтүлсүн.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 27-ноябры
№ 1441
