26.11.2025 №1440 № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Усеинова Нургул Эмилькановнанын жана Баяманов Эркинбек Мусалиевичтин жамааттык арызы жөнүндө

19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Усеинова Нургул Эмилькановнанын жана Баяманов Эркинбек Мусалиевичтин жамааттык арызы жөнүндө

 

2025-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Усеинова Нургул Эмилькановнадан жана Баяманов Эркинбек Мусалиевичтен жамааттык арыз келип түшкөн.

Арыз ээлери Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Мусурманкулов Жолдошалы Эгембердиевич өзүнүн жакын тууганы, №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Эгембердиев Адылбек Жолдошалиевичтин кызыкчылыгында административдик ресурсту колдонуп жаткандыгын  билдиришкен.

Бул факт боюнча Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан 2025-жылдын 16-ноябрында тергөө иштери жүргүзүлүп, тараптар суракка чакырылган, бирок Манас айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан административдик ресурстар колдонулгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган эмес жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алынган.

Келип түшкөн арызды ар тараптуу жана объективдүү кароо максатында 2025-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отуруму болгон, ага арыз ээси Н.Э. Усеинова жана Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Д.Т. Калыков чакырылган жана угулган.

Жумушчу топтун отурумунда Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э. Мусурманкулов 2025-жылдын октябрь айынан тартып ден соолугуна байланыштуу ооруканада экендиги жана 2025-жылдын 17-ноябрында ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгы жар салынды.

Манас айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнө ылайык административдик ресурсту колдонуу менен мессенджер аркылуу №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.Ж. Эгембердиевдин шайлоо алдындагы өнөктүгүнүн координацияланышы жана кызыкчылыктардын кагылышуусу Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан тастыкталган эмес.

Үгүт ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу фактысын тастыктай турган жетиштүү негиздердин жоктугуна байланыштуу Жумушчу топ 2025-жылдын 25-ноябрында № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Н.Э. Усеинованын жана Э.М. Баямановдун жамааттык арызында баяндалган талаптарды канааттандыруудан баш тартууну сунуштаган.

 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 44-беренесине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 25-ноябрындагы чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

1. № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Усеинова Нургул Эмилькановнанын жана Баяманов Эркинбек Мусалиевичтин жамааттык арызын канааттандыруудан баш тартылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлер Усеинова Нургул Эмилькановнага жана Баяманов Эркинбек Мусалиевичке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө маалымдалсын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 26-ноябры

№ 1440