26.11.2025 №1439 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер У.К. Узакбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Р. Карабаевдин даттануусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер У.К. Узакбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Р. Карабаевдин даттануусу жөнүндө
2025-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Узакбаев Улукбек Камчыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Р. Карабаевдин №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Чойбеков Бактыбек Каныбековичке карата арызы келип түшкөн.
Даттанууда талапкер Б.К. Чойбековдун тарапташтары 2021-жылы Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышынын депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо өнөктүгү учурунда тартылган талапкер У.К. Узакбаевдин апасы Жумалиева Элмира Бусурманкуловна катышкан жана азыркы шайлоого тиешеси жок видеороликти таратып жатышканы көрсөтүлгөн.
Даттанууда бул видеоролик талапкер Б.К. Чойбековдун макулдугу менен таратылып жатканы жана №17 көп мандаттуу шайлоо округунун шайлоочуларына терс таасирин тийгизиши мүмкүн экендиги, анткени коомчулукта талапкер У.К. Узакбаевдин апасы анын атаандашын колдоп жатат деген маалымат жайылып жаткандыгы көрсөтүлгөн.
2025-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отурумуна талапкерлер Б.К. Чойбековдун жана У.К. Узакбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү чакырылып, угулду. Жумушчу топтун отурумунда көрсөтүлгөн видеоролик талапкер Б.К. Чойбековдун макулдугу менен жана анын расмий катталган үгүтчүлөрү тарабынан таратылгандыгы аныкталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23-беренелерин жетекчиликке алып, Жумушчу топтун 2025-жылдын 25-ноябрындагы сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Чойбеков Бактыбек Каныбековичке эскертүү берилсин.
2. Чойбеков Бактыбек Каныбекович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-ж. 26-ноябры
№ 1439
