24.11.2025 №1405 Жаран Кадыракунов Адилет Кубанычбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
Жаран Кадыракунов Адилет Кубанычбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 23-ноябрындагы отурумда социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө айкындалган материалдардын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары – конституциялык Мыйзам) белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыккан.
“Facebook” социалдык тармагындагы “Adilet Kadyrakunov” аттуу колдонуучунун баракчасында (https://www.facebook.com/adilet.kadyrakunov) жарыяланган фото жана видеоматериалдарга ылайык № 30 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бакасов Улан Болотбековичтин кызыкчылыгында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 20-ноябрындагы № 1364 чечими менен Кадыракунов Адилет Кубанычбековичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынган.
Жумушчу топтун жыйынында А.К. Кадыракунов шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузган социалдык тармактагы постторду алып салууга үлгүрбөгөнүн түшүндүргөн.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 61-беренесине ылайык шайлоо комиссиясынын өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алган чечимдерин жана талаптарын аткарбоо жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 23-ноябрындагы № 37 чечими менен Кадыракунов Адилет Кубанычбековичке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 61-беренесинде каралган 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 61, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 23-ноябрындагы № 37 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Кадыракунов Адилет Кубанычбековичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.
2. Кадыракунов Адилет Кубанычбекович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 24-ноябры
№ 1405
