24.11.2025 №1404 № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ашимова Динара Ашимовнанын шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
№ 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ашимова Динара Ашимовнанын шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 23-ноябрындагы отурумда социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө айкындалган материалдардын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары – конституциялык Мыйзам) белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыккан.
“Instagram” социалдык тармагындагы “dinara_ashimova_official” аттуу колдонуучунун баракчасында (https://www.instagram.com/dinara_ashimova_official/?hl=ru) жарыяланган фото жана видеоматериалдарга ылайык № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ашимова Динара Ашимовнанын кызыкчылыгында жайылтылып жаткан маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузары аныкталган.
2025-жылдын 23-ноябрында талапкердин кесиптик ишине же кызматтык (кызмат орду боюнча) милдеттерин аткаруусуна байланыштуу маалымат таратылган, ошондой эле материалдык баалуулуктарды эл алдында убада кылганы таратылган.
Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык талапкерлердин кесиптик ишмердүүлүгү же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орду боюнча) милдеттерин аткаруусу менен байланышпаган ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты жайылтуусу шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат.
Конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-бөлүгүндө шайлоо дайындалган кезден тартып шайлоочулардын добуштарын сатып алууну жүзөгө ашырууга, акча каражаттарын төлөп берүүгө, белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга тыюу салынат деп белгиленген.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 23-ноябрындагы № 41 чечими менен № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ашимова Динара Ашимовнага эскертүү берүү сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесине, 28-беренесинин 3, 9-бөлүктөрүнө ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 23-ноябрындагы № 41 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ашимова Динара Ашимовнага эскертүү берилсин.
2. № 8 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ашимова Динара Ашимовна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 24-ноябры
№ 1404
