24.11.2025 №1401 Жаран Ажибаева Насиба Кубатовнанын № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аманова Бурун Кушбековнанын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган жары
Жаран Ажибаева Насиба Кубатовнанын № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аманова Бурун Кушбековнанын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тараткандыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнөн Ажибаева Насиба Кубатовнанын № 2 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Аманова Бурун Кушбековнанын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды камтыган жарыялоолорду тараткандыгы тууралуу материалдар келип түшкөн.
Келип түшкөн материалдарга ылайык Н.К. Ажибаеванын “WhatsApp” мессенджериндеги “Домкомы Кадамжай-Суу каналы” тобунда талапкер Б.К Аманованын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратып жаткандыгы аныкталды.
“Кыргыз Республикасынын Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 47-беренесине ылайык талапкерлердин ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жалган маалыматтарды атайылап тараткан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык же болбосо башка жоопкерчиликке тартылат.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 23-ноябрындагы № 39 чечими менен Ажибаева Насиба Кубатовнага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 23-ноябрындагы № 39 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Ажибаева Насиба Кубатовнага административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.
2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Ажибаева Насиба Кубатовна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 24-ноябры
№ 1401
