24.11.2025 №1399 № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дубанбаева Анар Сартбаевнанын арызы жөнүндө
№27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дубанбаева Анар Сартбаевнанын арызы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2025-жылдын 15-ноябрында №27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Дубанбаева Анар Сартбаевнанын арызы келип түшкөн.
Арыз ээси өзүнүн арызында 2025-жылдын 15-ноябрында белгисиз жаран тарабынан А.С. Дубанбаевага карата шек келтирген жана чындыкка дал келбеген аудио-билдирүү WhatsApp тиркемеси аркылуу таркатылып жатканын билдирген. Ошондой эле аталган билдирүү чагымчыл мүнөзгө ээ экендиги жана № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.С. Дубанбаеванын дарегине багытталгандыгы белгиленген.
Бул билдирүүнүн негизинде 2025-жылдын 16-ноябрында Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын майору Турдакунов А.Т. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом чыгарган жана Алымбаев Самат Сталиковичтин аракеттерине укуктук баа берүү үчүн токтомдун көчүрмөсү №27 округдук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт деп көрсөткөн.
2025-жылдын 23-ноябрында Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун отурумуна С.С. Алымбаев, талапкер А.С. Дубанбаеванын ыйгарым укуктуу өкүлү чакырылып, угулду.
Жумушчу топтун отурумунда арызда көрсөтүлгөн аудио-билдирүү талапкер А.С. Дубанбаеванын дарегине багытталганы, чындыкка дал келбей турганы, аны С.С. Алымбаев жүзөгө ашырып, жайылтканы айкындалып, С.С. Алымбаевге карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 23-ноябрындагы сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына Алымбаев Самат Сталиковичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.
2.Алымбаев Самат Сталикович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
3.Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 24-ноябры
№ 1399
