22.10.2025 №324 “Ынтымак” саясий партиясы көрсөткөн Иманбек кызы Бактыгүлдү № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
“Ынтымак” саясий партиясы көрсөткөн Иманбек кызы Бактыгүлдү № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө
2025-жылдын 3-октябрында “Ынтымак” саясий партиясы көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышары тууралуу билдирүүнү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жөнөткөн.
2025-жылдын 10-октябрында “Ынтымак” саясий партиясы 2025-жылдын 9-октябрында болуп өткөн “Ынтымак” саясий партиясынын съездинде кабыл алынган Иманбек кызы Бактыгүлдү № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүү жөнүндө №7 чечимди Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына берген.
2025-жылдын 14-октябрында “Ынтымак” саясий партиясы Иманбек кызы Бактыгүлдү 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкер катары каттоо үчүн документтердин толук топтомун берген.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ Иманбек кызы Бактыгүлдүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келерин аныктаган жана аны талапкер кылып каттоону сунуштаган.
Жогоруда аталган жумушчу топтун 2025-жылдын 22-октябрындагы № 22 шайлоо округу боюнча Иманбек кызы Бактыгүлдү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып каттоо жөнүндө корутундусун, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- “Ынтымак” саясий партиясы көрсөткөн Иманбек кызы Бактыгүл № 22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталсын.
- №22 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Иманбек кызы Бактыгүлгө белгиленген үлгүдөгү ырастама берилсин.
- Бул чечим “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 22-октябры
№ 324
