22.10.2025 №315 № 6 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Атазов Шайлообек Карыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып А.К. Курмушиевди жана А. Жеңишбек уулун каттоо жөнүндө
№ 6 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Атазов Шайлообек Карыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып А.К. Курмушиевди жана А. Жеңишбек уулун каттоо жөнүндө
№ 6 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Атазов Шайлообек Карыбековичтин 2025-жылдын 20-октябрындагы (кириш № 12/2437 жана 12/2457) ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- Төмөнкүлөр № 6 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Атазов Шайлообек Карыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
– Курмушиев Анвар Кубанычбекович, шайлоо маселелери боюнча;
– Жеңишбек уулу Азамат, финансы маселелери боюнча.
- Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 22-октябры
№ 315
