20.11.2025 №1367 Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматынын № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Саккараев Медербек Жаманкуловичке карата материалдары жөнүндө
Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматынын № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Саккараев Медербек Жаманкуловичке карата материалдары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынан № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Саккараев Медербек Джаманкуловичке карата материалдар келип түштү.
Келип түшкөн материалдарга ылайык 2025-жылдын 14-ноябрында «Instagram» социалдык тармагындагы «moldos.b» баракчасында жайгаштырылган расмий баракчага мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Саккараев М.Д. тарабынан үгүтчүлөрдү тартуу аркылуу шайлоочуларды сатып алуу аракети жасалгандыгы тууралуу маалымат алынган.
Бул факт Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын “Маалыматты каттоо журналы” АМСда № 02-073-2025-005135 номери менен катталып, ал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
2025-жылдын 16-ноябрында Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын токтому менен алардын аракеттеринде кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.
2025-жылдын 19-ноябрында Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) отурумунда № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Д. Саккараевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Алмазбеков Адилет Алмазбекович 2025-жылдын 10-ноябрында Кудайбергенова Надира-Бегимай Жыргалбековна менен үгүт жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, Кудайбергенова Н.Ж. менен келишим түзүлөрдүн алдында шайлоо мыйзамдарын бузууга жол бербөө тууралуу окуу өткөрүлгөн. Бул окуя белгилүү болгондон кийин Кудайбергенова Н.Ж. менен түзүлгөн келишим бузулган.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 28-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген тизмекке ылайык, шайлоо дайындалган учурдан тартып шайлоочуларды сатып алууга: шайлоочуларга акча каражаттарын төлөп берүүгө, шайлоочуларга белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга, кандай болбосун товарларды акысыз таркатууга, акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө тыюу салынат .
Жумушчу топтун 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 30 чечими менен № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Саккараев Медербек Джаманкуловичке эскертүү берүү сунушталган.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 4, 9-бөлүктөрүнө ылайык,, Жумушчу топтун 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 30 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Саккараев Медербек Джаманкуловичке эскертүү берилсин.
2. № 26 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Саккараев Медербек Джаманкулович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 20-ноябры
№ 1367
