20.11.2025 №1366 “Жаш FM” ЖЧКнын шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө
“Жаш FM” ЖЧКнын шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы жөнүндө
Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топ (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 19-ноябрындагы отурумда социалдык тармактарга байкоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган материалдардын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында (мындан ары – конституциалык Мыйзам) белгиленген шайлоочуларды кабарландыруу жана шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү талаптарына шайкештигин карап чыккан.
“Facebook” социалдык тармагындагы “T-Media” аттуу колдонуучунун баракчасында (https://www.facebook.com/reel/857741766862993) жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Козуев Алишер Абибиллаевич үчүн шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү шарттарын бузган маалымат таратылып жатканы аныкталган.
Жумушчу топтун жыйынында “Жаш FM” ЖЧКнын башкы директору Данияр кызы Даяна “Жаш FM” ЖЧК менен № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер А.А. Козуевдин ортосунда келишим түзүлгөнүн, ага ылайык 2025-жылдын 10-ноябрынан тартып көрсөтүлгөн талапкердин үгүт материалдары “T-Media” телеканалында жайгаштырылууга тийиш экенин түшүндүрдү.
“Жаш FM” ЖЧКнын директору Данияр кызы Даянанын айтымында, 2025-жылдын 13-ноябрында телеканалдын жаңылыктар чыгарылышында Кыргыз Республикасынын биринчи адамдары катышкан аткарылган иштер тууралуу репортаж көрсөтүлүп жатканда талапкердин үгүт баннери кокустан жайгаштырылып калган.
Конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 12-бөлүгүнө ылайык талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жетүүнүн бирдей шарттары кепилдик кылынган.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарынын бузулушу юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Жумушчу топтун 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 33 чечими менен “Жаш FM” ЖЧКга карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22-беренесине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык, Жумушчу топтун 2025-жылдын 19-ноябрындагы № 33 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына“Жаш FM” ЖЧКга административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.
2. “Жаш FM” ЖЧКнын өкүлү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө кабарландырылсын.
3. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 20-ноябры
№ 1366
