20.10.2025 №297 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын маалымат берүү жагындагы талаптарын аткаруу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук комиссия жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын маалымат берүү жагындагы талаптарын аткаруу жөнүндө

 

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары Борбордук шайлоо комиссиясына анын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө: зарыл маалыматтарды жана материалдарды берүүгө, Борбордук шайлоо комиссиясынын шайлоону, референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылууларына кечиктирбестен, тийиштүү маселени кошумча иликтөө же текшерүү зарыл болгондо – үч күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү – токтоосуз жооп берүүгө милдеттүү.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык шайлоо өткөрүлгөн күнгө карата 25 жашка толгон, жогорку кесиптик билими бар, мамлекеттик тилди билген, депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүүнүн алдында республикада акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат. Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоодо өндүрүштүк, илимий, кызматтык себеп же башка зарылчылык боюнча өлкөнүн чегинен тышкары иш сапарларына байланыштуу ар бир жылда алты айга чейинки үзгүлтүктөргө жол берилет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын чек арасын кесип өткөндүктөрү тууралуу маалымат берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 24-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы тарабынан берилген маалымат боюнча талапкерлердин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болгон күндөрүнүн санын аныктоо мүмкүн эмес, ушуга байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы:

– Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын дарегине 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо депутаттыкка талапкер болуп көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болгондугу тууралуу маалыматты ушул чечимдин тиркемесине ылайык берсин;

– суралган маалыматты талапкердин талапкер болуп көрсөтүлгөнгө чейинки беш жылдык мезгилде жыл сайын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болгон күндөрүнүн жалпы санын эсептөө менен берсин.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген документтерди кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

                Төрага                                                                                    Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 20-октябры

№ 297