20.10.2025 №287 № 12 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Масабиров Таалайбек Айтмаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

№ 12 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Масабиров Таалайбек Айтмаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

 

2025-жылдын 19-октябрындагы (кириш №12/2415) № 12 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Масабиров Таалайбек Айтмаматович мурда сунуш кылган финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана финансы маселелери С.А. Осмоновдк жана шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып З.А. Юсуповду дайындоо жөнүндө билдирген. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 10-октябрындагы № 74 чечими менен катталган № 12 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Масабиров Таалайбек Айтмаматович финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сыдыгалиев Тимур Омурбековичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
  2. №12 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Масабиров Таалайбек Айтмаматовичтин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сыдыгалиев Тимур Омурбековичке берилген каттоо күбөлүгү ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп табылсын.
  3. Төмөнкүлөр № 12 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Масабиров Таалайбек Айтмаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

– Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович, шайлоо маселелери боюнча;

– Осмонов Савитбек Аттокурович, финансы маселелери боюнча.

  1. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
  2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

 

                    Төрага                                                                                       Т. Шайназаров

 

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 20-октябры

№ 287