19.11.2025 №1352 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемесинин базасында
2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемесинин базасында аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогун түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемесинин сунушун эске алуу менен жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 33-беренесин жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Бишкек шаары, Геология чолок көчөсү, 2а дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемесинин базасында аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогу түзүлсүн.
- Тиешелүү округдук шайлоо комиссиясы аралыктан добуш берүү боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын курамын түзсүн.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемеси аралыктан добуш берүү боюнча участкалык шайлоо комиссиясын жайгаштыруу үчүн жайды бөлүп берүүгө, аны үзгүлтүксүз электр энергиясы, байланыш каражаттары, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн.
- Тиешелүү округдук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 21 мекемеси менен биргеликте шайлоочулар арасында түзүлгөн аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участогу жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
- Ушул чечим “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. ШайназаровТ
.
Бишкек ш., 2025-жылдын 19-ноябры
№ 1352
