19.10.2025 №259 № 5 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Сулайманов Эльдар Нурлановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.К. Койчуевди жана Б.М. Минаждинованы каттоо жөнүндө

№ 5 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Сулайманов Эльдар Нурлановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары А.К. Койчуевди жана Б.М. Минаждинованы каттоо жөнүндө

 

№ 5 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Сулайманов Эльдар Нурлановичтин 2025-жылдын 17-октябрындагы (кириш № 12/2335) ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. Төмөнкүлөр № 5 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Сулайманов Эльдар Нурлановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

– Койчуев Алман Кенжебаевич, шайлоо маселелери боюнча;

– Минаждинова Бактыкан Махаматшариповна, финансы маселелери боюнча.

  1. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
  2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерден шайлоо документтерин кабыл алуу жана каттоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

                Төрага                                                                                          Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 19-октябры

№ 259