17.10.2025 №239 № 22 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бекешев Дастан Далабайевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

№ 22 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бекешев Дастан Далабайевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

 

2025-жылдын 16-октябрында (кириш №12/2296) № 22 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бекешев Дастан Далабайевич мурда сунуш кылган финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары М.С. Каримованы дайындоо жөнүндө билдирген. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 5-октябрындагы № 11 чечими менен катталган № 22 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бекешев Дастан Далабайевичтин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Чегирбаева Нагима Эсенбековнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
  2. № 22 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бекешев Дастан Далабайевичтин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Чегирбаева Нагима Эсенбековнага берилген каттоо күбөлүгү ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп табылсын.
  3. Каримова Малика Сыдыкжановна № 22 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Бекешев Дастан Далабайевичтин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.
  4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.
  5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерден шайлоо документтерин кабыл алуу жана каттоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
  7. Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

          Төрага                                                                                                             Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 17-октябры

№ 239