16.10.2025 №201 № 21 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Айдарбеков Чингиз Азаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Н.К. Курсанбековду жана Калык кызы Элнураны каттоо жөнүндө
№ 21 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Айдарбеков Чингиз Азаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катары Н.К. Курсанбековду жана Калык кызы Элнураны каттоо жөнүндө
№ 21 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Айдарбеков Чингиз Азаматовичтин 2025-жылдын 15-октябрындагы (кириш № 12/2166) ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- Төмөнкүлөр № 21 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Айдарбеков Чингиз Азаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
– Курсанбеков Нурлан Курсанбекович, шайлоо маселелери боюнча;
– Калык кызы Элнура, финансы маселелери боюнча.
- Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлерден шайлоо документтерин кабыл алуу жана каттоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
- Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 16-октябры
№ 201
