26.11.2025 №1425 № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акматов Сталбек Темирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

№ 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акматов Сталбек Темирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

 

2025-жылдын 25-ноябрында (кириш № 12/3920) №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акматов Сталбек Темирбекович Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына мурда сунуш кылган шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана Н.Ш. Сальпиеваны шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындоо жөнүндө билдирген. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 13-октябрындагы № 124 чечими менен катталган № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акматов Сталбек Темирбековичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкеримов Бакыт Тилебердиевичтин каттоосу жокко чыгарылсын жана ага берилген каттоо ырастамасы жараксыз деп таанылсын.
  2. Сальпиева Нургуль Шаршенбековна № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акматов Сталбек Темирбековичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын жана ага белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.
  3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

      Төрага                                                                                                                              Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 26-ноябры

№ 1425