25.11.2025 №1424 № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Э. Жороевге   карата К.М. Асановдун арызы жөнүндө

№ 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер И.Э. Жороевге   карата К.М. Асановдун арызы жөнүндө

 

2025-жылдын 15-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жороев Исманали Эгембердиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Баймуратов Баймураттын арызы келип түшкөн. Арыз ээси талапкер И.Э. Жороевге карата Асанов Камчыбек Мидинович аттуу жаран тарабынан кара пиар элементтери камтылган, талапкерди кемсинткен маалыматтар жайылтылып жатканын көрсөтүп, ага карата чара көрүүнү суранган.

Ошондой эле 2025-жылдын 19-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясына К.М. Асановдун арызы келип түшкөн. Арыз ээси шайлоого байланыштуу үгүт иштеринин жүрүшүндө талапкер И.Э. Жороев жарандарга акча берип мыйзамды одоно бузганын белгилеп, талапкер      И.Э. Жороевге чара көрүүнү суранган. Ушуга байланыштуу 2025-жылдын 20-ноябрында Лейлек районунун ички иштер бөлүмүнө тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзүү максатында билдирүү жөнөтүлүп, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө аныктама келип түшкөн.

Тергөөчүнүн кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө аныктамасында бардык тараптар суракка алынып, арыздарда көрсөтүлгөн жарандар бир нече жолу акча каражаттарын которушкандыгы, алардын максаттары шайлоо өнөктүгү менен байланыштуу эместиги аныкталып, К.М. Асановдун талапкер И.Э. Жороевдин шайлоо штабынан накталай акча каражаттарын алгандыгы тастыкталып, бул жагдайлар боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына ылайык чара колдонулушу мүмкүн экендиги белгиленген.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46-беренесинин 2-бөлүгүндө: “Өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоодо талапкер же саясий партия шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары талапкердин, саясий партиянын шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттарынын жалпы суммасынын 0,5 пайызынан ашыгын түзгөн башка акча каражаттарын пайдаланса, талапкерди каттоо жокко чыгарылат”, – деп көрсөтүлгөн.

Лейлек районунун ички иштер бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө талапкер И.Э. Жороевдин шайлоо фонду 1 871 420 сомду түзгөндүгү аныкталган.

Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 24-ноябрындагы жыйынына арыз ээси К. Асанов жана Лейлек районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Жаназаков С., талапкер И.Э. Жороевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Б. Бекмуратов, А. Абдисаламов, ошондой эле даттанууну кароого катышкан башка адамдар чакырылып, угулган.

Жумушчу топтун отурумунда К. Асанов талапкер И.Э. Жороевдин шайлоо штабынын кызматкерлеринин биринен 10 000 (он миң) сом алганын тастыктады.

2025-жылдын 24-ноябрына карата талапкер И.Э. Жороевдин фондуна келип түшкөн каражаттардын жалпы суммасы 6 869 420 сомду түзгөн.

Жумушчу топтун отурумунда талапкер И.Э. Жороевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Бекмуратовго карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу жана талапкер И.Э. Жороевге эскертүү берүү сунушталган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28, 46-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын тиешелүү кызмат адамына № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жороев Исманали Эгембердиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Бекмуратов Баймурат Асатовичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. № 1 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жороев Исманали Эгембердиевичке эскертүү берилсин.

3. И.Э. Жороевге жана Б. Бекмуратовго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жөнүндө маалымдалсын.

4. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.К. Жылкыбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                  Т. Шайназаров                                      

Бишкек ш., 2025-ж. 25-ноябры

№ 1424