14.11.2025 №1287 № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Юсупов Замир Байышовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
№ 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Юсупов Замир Байышовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө
2025-жылдын 12-ноябрында (кириш № 12/3531) № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Юсупов Замир Байышович Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына мурда сунуш кылган финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана Калбаева Топчугул Умаровнаны финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындоо жөнүндө билдирген. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 17-октябрындагы № 228 чечими менен катталган № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Юсупов Замир Байышовичтин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Чомоев Абдиваи Дарвышевичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
- № 7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Юсупов Замир Байышовичтин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Чомоев Абдиваи Дарвышевичке берилген каттоо ырастамасы жараксыз деп таанылсын.
- Калбаева Топчугул Умаровна №7 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Юсупов Замир Байышовичтин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.
- Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 14-ноябры
№ 1287
