14.11.2025 №1284 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Бишкек, Ош шаарларында, Чүй, Ош, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен облустарында аралыктан добуш берүү боюнча шай

2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Бишкек, Ош шаарларында, Чүй, Ош, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен облустарында аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участкторун түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №272 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын эске алуу менен жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-1, 31-1-беренелерин жана “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3,4 жана 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Бишкек, Ош шаарларында, Чүй, Ош, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен облустарында аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участоктору тиркемеге ылайык түзүлсүн.
  2. Тиешелүү округдук шайлоо комиссиялары аралыктан добуш берүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын түзүшсүн.
  3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аралыктан добуш берүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларын жайгаштыруу үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды үзгүлтүксүз электр энергиясы, байланыш каражаттары, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүшсүн.
  4. Тиешелүү округдук шайлоо комиссиялары мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен менен биргеликте шайлоочулар арасында түзүлгөн аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участоктору жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
  5. Ушул чечим “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  6. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

        Төрага                                                                                                             Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 14-ноябры

№ 1284