12.11.2025 №1245 № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибраимова Аселя Раимбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

№ 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибраимова Аселя Раимбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө

 

2025-жылдын 11-ноябрында (кириш №12/3505) №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибраимова Аселя Раимбековна Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына мурда сунуш кылган финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жана С.Н. Нурдинованы финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындоо жөнүндө билдирген. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 16-октябрындагы № 210 чечими менен катталган № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибраимова Аселя Раимбековнанын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдиев Кенч-Айдаркул Тукуновичтин каттоосу жокко чыгарылсын.
  2. №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибраимова Аселя Раимбековнанын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абдиев Кенч-Айдаркул Тукуновичке берилген каттоо ырастамасы ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп таанылсын.
  3. Нурдинова Саадат Нурдиновна №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Ибраимова Аселя Раимбековнанын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын.
  4. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.
  5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

        Төрага                                                                                                                    Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 12-ноябры

№ 1245