11.11.2025 №1233 № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омурзаков Алымбек Замирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

№ 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омурзаков Алымбек Замирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

 

2025-жылдын 10-ноябрында (кириш №12/3458) №6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омурзаков Алымбек Замирбекович Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына мурда сунуш кылган шайлоо жана финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жана Ж.Ж. Рашовду шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Б.М. Жолдошевди финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындоо жөнүндө билдирген. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 20-октябрындагы № 292 чечими менен катталган № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омурзаков Алымбек Замирбековичтин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоолору жокко чыгарылсын:

Досумбетов Эрнист Абдижалилович, шайлоо маселелери боюнча;

Омурзаков Таалайбек Омурзакович, финансы маселелери боюнча.

  1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 20-октябрындагы № 292 чечими менен катталган № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омурзаков Алымбек Замирбековичтин төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоо ырастамалары ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп таанылсын:

– Досумбетов Эрнист Абдижалилович, шайлоо маселелери боюнча;

– Омурзаков Таалайбек Омурзакович, финансы маселелери боюнча.

  1. Төмөнкүлөр №6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Омурзаков Алымбек Замирбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

Рашов Жолдубек Жарматович, шайлоо маселелери боюнча;

Жолдошев Бектур Мырзакулович, финансы маселелери боюнча.

  1. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
  2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

        Төрага                                                                                                                Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 11-ноябры

№ 1233