07.11.2025 №1206 № 21 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Чомоева Нургул Жаныбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Г.М. Амираеваны жана Н.С. Эшатованы каттоо жөнүндө
№ 21 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Чомоева Нургул Жаныбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып Г.М. Амираеваны жана Н.С. Эшатованы каттоо жөнүндө
№21 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Чомоева Нургул Жаныбековнанын 2025-жылдын 6-ноябрындагы (кириш № 12/3365) ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- Төмөнкүлөр №21 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Чомоева Нургул Жаныбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:
– Амираева Гульнара Медетбековна, шайлоо маселелери боюнча;
– Эшатова Насип Советбековна, финансы маселелери боюнча.
- Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 7-ноябры
№ 1206
