07.11.2025 №1203 № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№ 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевичтин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевичтин 2025-жылдын 7-ноябрындагы (кириш №12/3420) шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:
- № 9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевичтин 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы эске алынсын.
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 31-октябрындагы №749 чечими менен катталган №9 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Абдибалиев Арстанбек Абдибалиевичтин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Найманбаева Нуриса Джаныбековнанын каттоосу жокко чыгарылсын жана каттоо ырастамасы ушул чечим күчүнө кирген учурдан тартып жараксыз деп таанылсын.
- Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага Т. Шайназаров
Бишкек ш., 2025-жылдын 7-ноябры
№ 1203
