11.11.2025 №1243 № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жунусбеков Төрөкан Бейшенбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө

№ 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жунусбеков Төрөкан Бейшенбековичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнөн № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жунусбеков Төрөкан Бейшенбековичке карата шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар келип түшкөн.

Келип түшкөн материалдарга ылайык 2025-жылдын 4-ноябрында № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жунусбеков Төрөкан Бейшенбекович Юрьевка айылы, Советская көчөсү, 249-үй дарегинде жайгашкан мечитте мыйзамсыз шайлоо алдындагы үгүт жүргүзгөнү аныкталган.

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) 2025-жылдын 8-ноябрындагы № 14 чечими менен № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жунусбеков Төрөкан Бейшенбековичке карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесине ылайык 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонуу сунушталган.

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 23-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65, 451, 455-беренелерине ылайык жана Жумушчу топтун 2025-жылдын 8-ноябрындагы № 14 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жунусбеков Төрөкан Бейшенбековичке административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдети жүктөлсүн.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. № 25 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жунусбеков Төрөкан Бейшенбекович Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул чечимге даттануу тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө кабарландырылсын.

4. Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

  Төрага                                                                                                                                                                   Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 11-ноябры

№ 1243