10.03.2025 №3 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-мартындагы № 5 чечими менен бекитилген Жумушчу топтун курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) 2023-жылдын 22-мартындагы № 5 чечими менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары – Жумушчу топ) курамы бекитилген.

Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен (2025-жылдын 20-февралындагы чыг. № 10-3/1595), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен (2025-жылдын 21-февралындагы чыг. № 03-2/1130), Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен (2025-жылдын 18-февралындагы чыг. № 03/1194) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинен (2025-жылдын 18-февралындагы чыг.№ 01-12/312) Жумушчу топтун курамынан мүчөлөрдү чыгаруу жана Жумушчу топтун курамына жаңы өкүлдөрдү киргизүү тууралуу сунуштар келип түшкөн.

Жогоруда аталган сунуштардын негизинде, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктун, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2023-жылдын 22-мартындагы № 5 чечими менен бекитилген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Жумушчу топтун курамынан төмөнкү мүчөлөр чыгарылсын:

- Джаныбеков Бекжан Джаныбекович – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн адиси;

- Анарбаев Адилет Мамасалиевич – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин укуктук камсыздоо жана проекттерди экспертизалоо бөлүмүнүн адиси;

- Кочкорбаева Медина Канымбековна – Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- Шарабидин уулу Шерболот – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин башкы адиси;

- Абдылдаева Керемет Турсуновна – “Талыкпас Ата” майыптардын коомдук бирикмесинин өкүлү;

- Дуйшенова Гулзар – жарандык активист, “Жарыктык” КФнын укук коргоочусу;

- Жыргалбеков Жакшылык Жыргалбекович – “Психикалык ден соолук жана коомчулук” КУнун аткаруучу директору;

- Мусаева Асипа Мусаевна Кыргызстандын майып аялдардын Республикалык көз карандысыз ассоциациясынын өкүлү;

- Сыдыков Жумгалбек Тургунбекович - Кыргыз Республикалык майыптар коомунун өкүлү;

- Исакова Бакыт – Кыргыз Улуттук паралимпиадалык комитетинин өкүлү.

2) Жумушчу топтун курамына төмөнкү мүчөлөр киргизилсин:

- Жолдошева Элнура Жеңишбековна – Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын шайлоо комиссиялары менен ѳз ара аракеттешүү жана методология секторунун системдик администратору;

- Айдаров Бакай Оросбекович – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

- Алдашов Канжарбек Бакытович – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

- Калиев Рахатбек Кылычович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин инспектору;

- Алымкулова Аида Эркиновна – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башкы адиси.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси А.К. Жумалиевага жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                               Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 10-марты

№ 3