08.10.2025 №54 Саясий партиялардын, талапкерлердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын,  интернет басылмаларынын өкүлдөрүнө жана  шайлоо процессинин башка катышуучуларына кайрылуу жөнүндө

Саясий партиялардын, талапкерлердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын,  интернет басылмаларынын өкүлдөрүнө жана  шайлоо процессинин башка катышуучуларына кайрылуу жөнүндө

 

Саясий партиялардын, талапкердердин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, интернет басылмаларынын өкүлдөрүнө жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча маалымат жеткирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 22, 28-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4 жана 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого байланыштуу үгүт иштеринин мыйзамдуулугун камсыз кылуу жана шайлоо процессинин катышуучуларын маалымдоо тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрылуусу тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу тобунун жетекчиси А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                           Т. Шайназаров

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 8-октябры

№ 54