05.10.2025 №30 № 28 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Малиев Арсланбек Касымакуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү катары Г.С. Джаныкулованы каттоо жөнүндө

28 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Малиев Арсланбек Касымакуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү катары Г.С. Джаныкулованы каттоо жөнүндө

 

№ 28 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Малиев Арсланбек Касымакуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө 2025-жылдын 4-октябрындагы (кириш № 12/1609) арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. № 28 шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Малиев Арсланбек Касымакуновичтин финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Джаныкулова Гульвира Сейдахматовна катталсын.

2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын өзүмө калтырам.

5. Бул чечим кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары                                                            А. Жупуева

 

Бишкек ш., 2025-жылдын 5-октябры

№ 30