05.02.2026 №67 М.А. Алиевди жана Ч.У. Абдрахманованы № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алиева Эльмирахан Кочорбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө

М.А. Алиевди жана Ч.У. Абдрахманованы № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алиева Эльмирахан Кочорбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кылып каттоо жөнүндө

 

№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Алиева Эльмирахан Кочорбаевнанын 2026-жылдын 2-февралындагы (кириш № 12/208) ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

  1. Төмөнкүлөр №13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгынаталапкер Алиева Эльмирахан Кочорбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

– Алиев Медербек Абдыманапович, шайлоо маселелери боюнча;

.Абдрахманова Чинара Усеналиевна, финансы маселелери боюнча.

  1. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамалары берилсин.
  2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси А.С. Жупуевага жүктөлсүн.

 

       Төраганын орун басары                                                                            А. Жупуева

 

Бишкек ш., 2026-жылдын 5-февралы

№67