Шайназаров Тынчтык Урайимович​​​​​​​

КР БШКнын төрагасынын орун басары

Шайназаров Тынчтык Урайимович​​​​​​​

Шайназаров Тынчтык Урайимович

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү

1974-жылы 27-февралда Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылында туулган.

1991-жылы Ош шаарындагы № 7 Нариманов атындагы орто мектебин аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетинин “укук таануу” адистигине тапшырып, 1996-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолу:

07.2021-ж. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары;

09.2020-07.2021-жж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

2015-2020-жж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

08.2009-04.2010-жж. – Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын прокурорунун милдетин аткаруучу, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын прокурору;

08.2007-08.2009-жж. – Ош шаарынын прокурорунун улук жардамчысы;

02.2001-08.2007-жж. – Ош облустук прокуратуранын тергөөчүсү, кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги;

09.1996-11.2001-жж. – Ош облустук прокуратуранын кылмыштарды иликтөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору;

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Юстициянын 1-класстагы кеӊешчиси. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.