Шайлдабекова Нуржан Кармабековна
КР БШКнын төрагасы

Шайлдабекова Нуржан Кармабековна
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
1968-жылы 12-сентябрда, Чүй облусунун, Ысык-Ата районунун, Люксембург айылында туулган.
Билими жогорку. 1990-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн.
1994-жылдын октябрынан тартып 1995-жылдын декабрына чейин Кёльн шаарындагы (Германия) Европалык изилдөө жана Эл аралык мамилелер университетинде стажировкадан өткөн.
2004-жылы КУУнун юридикалык факультетин аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолу:
27.06.2016-ж. азыркы учурга чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы;
05.11.2015-23.06.16-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Президенттинин Аппаратынын жетекчисинин орун басары;
13.02.2012-10.07.2015-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Президентинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
30.12.2010-25.01.2012-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мыйзам долбоорлоо ишин координациялоо тобунун жетекчиси;
19.11.2009-30.12.2010-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мыйзам долбоорлоо ишине байкоо жүргүзүү, парламент менен өз ара аракеттенүү боюнча эксперти;
15.05.2007-18.11.2009-ж.ж. – Юридикалык компаниянын директору;
14.04.2006-02.05.2007-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Эл аралык байланыштар жана экстрадиция бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
15.07.2005-10.04.2006-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдик Республикасындагы Элчилигинин биринчи катчысы;
01.06.2005-01.07.2005-ж.ж. – Өзгөчө кырдаалдар министринин кеӊешчиси;
14.09.2004-31.05.2005-ж.ж. – “ЦМС” ЖАКтын укук маселелери жана өнүктүрүү боюнча вице-президенти;
25.04.2000-10.09.2004-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эксперттер тобунун башчысы, Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин бөлүм башчысы;
1996-ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык жана тышкы экономикалык маселелер боюнча комитетинин эксперти;
01.05.1994-26.06.1995-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин 1-категориядагы адиси;
10.10.1991-25.05.1992-ж.ж. – В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун улук лобаранты.
25.03.1991-18.09.1991-ж.ж. – Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин, тарых кафедрасынын окутуучусу.
Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси (2002-жыл). Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси (2014-жыл). Юстициянын 1-класстагы кеӊешчиси (2006-жыл) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги. Кыргыз Республикасынын юстициясынын отличниги.
КР УКМКнын (2018-жыл), КР ИИМдин (2021-жыл), КР ТИМдин (2022-жыл) орден жана медалдары менен сыйланган.