Наспеков Марс Дамирович

КР БШКнын мүчөсү

Наспеков Марс Дамирович

Наспеков Марс Дамирович

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү

Жогорку билимдуу. 2009-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономикалык факультетин аяктаган. 2012 - ж. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик  университетинин юриспруденция факультетин бүтүргөн.

2009-2011 - ж. - Майзор университети, Бизнес башкаруу факультети, Карнатака штаты, Майсор, Индия.

2013-2016 -жж. -Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы  Дипломатиялык академисы - Эл аралык мамилелер илимдеринин магистри;

2020 -ж. - Америкалык Менеджмент Ассоциациясы, Арлингтон Вирджиния.

Эмгек жолу:

2021-ж. – Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү;

2018-2020-жж. – КРӨгө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

2014-2018-жж. – КРӨгө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары;

2012-2013-жж. – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министринин кеңешчиси;

2012-ж. – Кыргыз Республикасынын Финансы министринин кеңешчиси;

2012-ж. – Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министринин жардамчысы;

2009-2012-жж. – "Кызыл Октябрь" ДЧ экономисти.