Эшимов Акылбек Жусупович
КР БШКнын мүчөсү

Эшимов Акылбек Жусупович
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү
1976-жылдын 9- апрелинде Ош облусунун Кара – Суу районунун Жар-Ооз айылында туулган.
Билими жогорку.
1997-2003- жж.- Ош шаарындагы Ош Технологиялык университетинин юридикалык факультетин аяктаган.
2012-2015 жж. - К. Дикамбаев атындагы КР ИИМ Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
2003-2006 - ж.ж. Ош областтык типографиясынын даяр продукцияны сатуучусу.
2006-2008 - жж. - Ош областтык типографиясынын даяр продукциясын сатуунун менеджери.
2011-2015 - ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты.
2012-2013 - жж. - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү.
2013-2015 - жж. - Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жана отун-нергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү.
2014-2015 - жж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика" парламенттик фракциясынын лидеринин орун басары.
2016-2017 жж.- Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү.
2017-2021 жж. - Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары.
2021 -ж. азыркы учурга чейин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.