КР БШКнын төрагасынын орун басары-Абдрахматова Атыр Болотбековна
|
Абдрахматова Атыр Болотбековна- Борбордук шайлооо комиссиясынын төрагасынын орун басары 1981-жылы 7-февралда туулган. Билими жогорку. 1998-2003-жылдары Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин «Юриспруденция» адистигин артыкчылык диплому менен аяктаган. 2004-2005-ж.ж. - Кыргыз- Славян Университетинин Кайра даярдоо борборунун маркетинг, жарнама жана паблик рилейшнз менеджементи адистигин бүтүргөн. 01.02.2016-ж. - а.у.ч. - «Биздин үн» Коомдук фондунун юристи, эдвокаси адиси; 2013-2015-ж.ж. - «КР ИИМди реформалоо боюнча чараларды киргизүүгө көмөк көрсөтүү» долбоордун укуктук эксперти, «Эркин муун» либералдык жаштардын альянсы» КБ; 2015-2015-ж.ж. – мыйзамдардын аткарылышына парламенттик контролду өркүндөтүү үчүн укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу боюнча консультант, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине көмөк көрсөтүү боюнча USAID/DFID Программасы; 2011-2013-ж.ж. - Коомдук Телерадио берүү Корпорациясынын редакциялык кеңешчиси; 2007-2009-жж. - «Оберон» ЖЧКнын юристи; 2003-2007-ж.ж. - Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы; 2000-2001-ж.ж. – жарандык-укуктук маселелер боюнча калктын аярлуу катмарына акысыз юридикалык кызматтарды көрсөткөн «Жардам» долбоорунун консультанты. Коомдук ишмердүүлүк: 2010-ж. -Конституциялык кеңешменин мүчөсү. 2006 -ж. - Сот системасын жана укук коргоо органдарын реформалоо концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү. 2003-жылдан тартып ар түрдүү деңгээлдеги шайлоо процесстерге жана референдумдарды өткөрүү процесстерге катышкан. |