КР БШКнын төрагасынын орун басары-Бекматов Абдыжапар Гапырович

 Бекматов Абдыжапар Гапырович - Борбордук шайлооо комиссиясынын

 төрагасынын орун басары 

1961-жылдын 15-январында Ош облусунун Ноокат районунун Эски-Ноокат айылында туулган.

Билими жогорку. 1983-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун, 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн.

Эмгек жолу:
1983-ж.  - Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун ветеринардык врачы; 
1985-1987-ж.ж. - Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун башкы ветеринардык врачы;
1987-1990-ж.ж. -  Комсомолдун Ноокат райондук комитетинин II катчысы;
1990-1991-ж.ж. - Компартиянын Ноокат райондук комитетинин партиялык уюштуруучусу;
1991-1995-ж.ж. - Ноокат райондук ветсанотрядынын жетекчиси;
1995-1996-ж.ж.- Ноокат районундагы Чечме-Сай айылдык комитетинин төрагасы;
1996-2000-ж.ж. - Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы;
2000-2002-ж.ж. - «Темир» мамлекеттик ишканасынын аткаруучу директору ;

2002-2010-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү;
2010-2015-жылдын октябрына чейин Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты.  Жогорку Кеӊештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекет түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

Наамдары, сыйлыктары жана класстык чини:

Кыргыз Республикасынын «Ардак грамотасы», 2007-жыл.

Евразия парламенттер аралык Ассамблеясынын Ардак Грамотасы, 2011-ж.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, 2013-ж.

Үй-бүлөсү - 2 уул, 1 кыздын атасы.