КР БШКнын мүчөсү-Асаналиев Алмаз Турдакунович
|
Асаналиев Алмаз Турдакунович-Борбордук шайлооо комиссиясынын мүчөсү 1960-жылдын 17-февралында Фрунзе шаарында туулган. Билими жогорку. 1982-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл-чарба институтун, 1992 –жылы Россия Федерациясынын Саратов шаарындагы Поволжье социалдык-саясий институтун аяктаган. 1982-1985 - ж.ж. - Жети-Өгүз районунун Шалба айылындагы «Ысык-Көл» колхозунда башкы инженер-гидротехник; 1985-1986 - ж.ж. - Комсомолдун Жети-Өгүз райондук комитети, Кызыл-Суу айылы, бөлүм башчысы; 1986 – ж. - Фрунзе шаарындагы Киргизия ЛКЖС БК уюштуруу бөлүмүнүн инструктору; 1986-1989 – ж.ж. - Комсомолдун Жети-Өгүз райондук комитетинин биринчи катчысы; 1991-1992 - ж.ж. - Кызыл-Суу айылы, «Кара-Булун» чакан ишканасынын директору; 1992-2000 - ж.ж. Жети-Өгүз районунун мамлектетик администрациясынын аппарат жетекчиси; 2000-2001 - ж.ж. Элдик Депутаттарынын Жети-Өгүз райондук Кеңешинин төрагасы; 2001-2002 - ж.ж. Каракол шаары, Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы, башчысынын орун басары –аппарат жетекчиси; 2002-2005 - ж.ж. Жалал-Абад шаары, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясы, башчысынын орун басары –аппарат жетекчиси; 2005 ж. а.у.ч. Кыргыз – Казак «Туран Металз» ЖЧКнын аткаруучу директору; 2011 – ж. а.у.ч. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү. Шайлоо органдарында катышуу 1986-1989 ж.ж. - Фрунзе шаарынын Киргизия ЛКЖС БК мүчөсү; 1986-199ж.ж. - Жети-Өгүз райондук Кеңешинин Элдик Депутаттары, депутат; 1992-1999 ж.ж. - Жети-Өгүз райондук Кеңеши, Райкеңештин орун басары; 2000-2001ж.ж. - Жети-Өгүз райондук Кеңеши, Райкеңештин төрагасы; 2011 – ж.а.у.ч. - Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү. 2001 – ж. - Кыргыз Республикасынын «Дене-тарбиясынын мыктысы»; 2016 – ж. - КР Жогорку Кенешинин Ардак Грамотасы; 2016- ж. - КР БШКсынын Ардак Грамотасы. |