Бекматов Абдыжапар Гапырович

Борбордук шайлооо комиссиясынын төрагасынын орун басары

Бекматов Абдыжапар Гапырович

Бекматов Абдыжапар Гапырович

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары

1961-жылдын 15-январында Ош облусунун Ноокат районунун Эски-Ноокат айылында туулган.

Билими жогорку. 1983-жылы К.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун, 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн.

Эмгек жолу:
1983-ж.  - Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун ветеринардык врачы.
1985-1987-ж.ж. - Ноокат районундагы В.Чапаев атындагы колхоздун башкы ветеринардык врачы.
1987-1990-ж.ж. -  Комсомолдун Ноокат райондук комитетинин II катчысы.
1990-1991-ж.ж. - Компартиянын Ноокат райондук комитетинин партиялык уюштуруучусу.
1991-1995-ж.ж. - Ноокат райондук ветсанотрядынын жетекчиси.
1995-1996-ж.ж.- Ноокат районундагы Чечме-Сай айылдык комитетинин төрагасы.
1996-2000-ж.ж. - Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы.
2000-2002-ж.ж. - «Темир» мамлекеттик ишканасынын аткаруучу директору.

2002-2010-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү.
2010-2015-жылдын октябрына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышынын депутаты.  Жогорку Кеӊештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекет түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

Кыргыз Республикасынын «Ардак грамотасы», Евразия парламенттер аралык Ассамблеясынын Ардак Грамотасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматынын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.