Арипов Назарали Турдалиевич

КР БШКнын мүчөсү

Арипов Назарали Турдалиевич

АРИПОВ Назарали Турдалиевич

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү

1970-жылдын 28-апрелинде Баткен облусунун Лейлек районунун  Кара-Булак айылында туулган.

Билими жогорку. Ош Технологиялык университетинин жол кыймылын уюштуруу бөлүмүн аяктаган.

Эмгек жолу:

1990-жылы Россия Федерациясынын Тольятти шаарында Волга автомобилдик заводунда ташып алып баруучу (транспорттоочу).

1994-1997-ж.ж. «Эрдик» жеке ишканасынын директору.

1997-2001 –ж.ж. Жеке ишкер.

2001-2003 –ж.ж.  «Прагма Inc.» ЖЧКсынын  директору.

2003-2009 ж.ж. - «Гефест» ЖЧКсынын директору.

2007-жылы -  Ош шаардык кенештин депутаты.

2009-2010-ж.ж. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ош шаары боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун аймактык башкармалыгынын директору.

2010-2015 –ж.ж. «Республика» саясий партиясынан V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.

«МПА СНГ» - 20-жыл» юбилейлик медали менен сыйланган.