Абдалиев Мейкинбек Акимович
КР БШКнын мүчөсү

Абдалиев Мейкинбек Акимович
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү
1976-жылы 11-февралда, Жалал-Абад облусунун, Ноокен районунун, Масы айылында туулган.
1992-1994-жылдары Бишкек финансы-экономика техникумунда «бухгалтердик эсеп, көзөмөл жана чарбалык иштин талдоосу» адистиги боюнча окуган.
1998-2003-жылдары Жалал-Абад коммерциялык институтунун «Экономика жана бизнес» факультетин аяктаган.
Эмгек жолу:
2024-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
2022-2024 ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VII чакырылышынын депутаты, «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан;
2021-2022 ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин VI чакырылышынын депутаты, «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан;
2013-2015 ж.ж. – Кыргыз Республикасынын коомду өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенттигинин (АРИС) түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн координатору;
2012-2016 ж.ж. – Масы айылдык кеңешинин депутаты, айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары;
2008-2012 ж.ж. – Масы айылдык кеңешинин депутаты, «Бюджет жана экономика» комиссиясынын төрагасы;
2006-2013 ж.ж – Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенттигинин (АРИС) Майлуу-Суу, Таш-Кѳмүр шаарлары жана Ноокен району боюнча эксперти;
2005-2006 ж.ж. – Ноокен районунун «Токтомурад» дыйкан чарбасынын төрагасы;
2000-2005 ж.ж. – Ноокен районунун «Айкыз» кредиттик союзунун башкы бухгалтери;
2004-2005 ж.ж. – Ноокен райондук кеңешинин жана Масы айылдык кеңешинин депутаты, «Агроөнөр жай, өнөр жай, транспорт жана телекоммуникациялар» комиссиясынын туруктуу мүчөсү;
1999-жылы Ноокен районунун салык инспекциясынын тышкы көзөмөл бөлүмүнүн инспектору;
Сыйлыктары:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ардак грамотасы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 85 жылдыгына карата юбилейлик медалы
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына карата юбилейлик медалы
Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын 30 жылдыгына карата юбилейлик медалы
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин Ардак грамотасы