№32 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жумушчу топторун түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 1681-VI токтому менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүү, талапкерлер үчүн тең жана калыс шарттарды түзүү, үгүт жүргүзүүдө жарандардын шайлоо укуктарын сактоо, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын, алардын кызмат адамдарынын, саясий партиялардын жана башка органдардын, уюмдардын аракеттерине (аракетсиздиктерине) же чечимдерине карата даттануу мүмкүнчүлүгүн берүү, ошондой эле талапкерлердин шайлоо фонддоруна акча каражаттарынын түшүү булактарын, туура эсепке алууну жана пайдаланууну контролдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Төмөнкүдөй Жумушчу топтор түзүлсүн:

-Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топ;

-Кол коюу барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ;

-Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо маселелери боюнча жумушчу топ;

-Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу топ;

-Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъектилеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ;

-Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу;

-Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топ.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабековага жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2017-жылдын 14-июну

№ 32