Кыргыз Республикасынын шайлоосун жана референдумун өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө Жобо
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2016-жылдын 17-октябрындагы
№ 216 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын шайлоосун жана референдумун өткөрүүдө айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө Жобо
(КР Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 4-июлундагы №200, 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452, 2020-жылдын 4-февралындагы №30, 2021-жылдын 5-сентябрындагы №681, 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124, 2024-жылдын 1-октябрындагы №155 токтомдорунун редакцияcында)
1. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – БШК) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
(КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы № 681 токтомунун редакциясында)
1.2. Бул Жобонун максаты айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу болуп саналат, ал категорияларга төмөнкүлөр кирет:
- ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар;
- добуш берүү күнү социалдык тейлөө жана саламаттык сактоо уюмдарында жана мекемелеринде жүргөн шайлоочулар;
- чакыруу жана контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
- кылмыш жасоого шектүү жана айыпталуучу катары кайтаруудагы кармоо жерлеринде жүргөн шайлоочулар;
- алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо, ыраакы мал чарба участкаларында жайгашкан жерлерде убактылуу жашаган шайлоочулар;
- ишинин цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар;
- вахталык ыкмада иштеген шайлоочулар.
- (КР БШКнын 2024-жылдын 1-октябрындагы №155 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР БШКнын 2020-жылдын 4-февралындагы №30, 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124, 2024-жылдын 1-октябрындагы №155 токтомдорунун редакциясында)
“1.3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, уюмдар жана ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоочулардын ушул категориядагы жарандарына шайлоо укуктарын камсыз кылууга шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтөт. Стационардык дарылоо-профилактикалык мекемелеринде, шектүү жана айыптуучу катары кайтаруудагы кармоо жерлеринде жүргөн шайлоочуларды, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларын, аскер кызматчыларын жана алардын үй- бүлө мүчөлөрүн жана аскер бөлүктөрүндө жашаган башка адамдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн мекемелер алардын карамагында турган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ар бир жылдын
1-февралына жана 1-августуна карата абал боюнча көрсөтүлгөн шайлоочулардын анык саны жөнүндө маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына берип турууга милдеттүү. Маалыматтарды берүүнүн формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет жана облус, район, калктуу конуш боюнча мекеменин (ишкананын) аталышы, жайгашкан жери, мекемелердеги (ишканалардагы) айрым категориядагы жарандардын – шайлоочулардын саны, орундардын саны жөнүндө маалыматтарды камтыйт:
- шайлоо комиссияларынын;
- калкты каттоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын (мындан ары Санариптик өнүгүү министрлиги (СӨМ);
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары – ЖӨБО);
- социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин;
- социалдык кызмат көрсөтүү жана саламаттык сактоо уюмдарынын жана мекемелеринин жетекчилеринин;
- Кыргыз Республикасынын жарандары чакыруу жана контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин;
- кылмыш жасоого шектелген жана айыпталган адамдар камакта кармалган мекемелердин жетекчилеринин;
- мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу органдарынын (Социалдык фонд жана анын аймактык органдарынын);
- иштөө цикли үзгүлтүксүз ишканалардын жетекчилеринин.
(КР БШКнын 2020-жылдын 4-февралындагы №30, 2021-жылдын 5-сентябрындагы №681, 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124, 2024-жылдын 1-октябрындагы №155 токтомдорунун редакциясында)
1.4. Шайлоо комиссиялары ЖӨБО менен өз ара аракетте жарандардын айрым категорияларына кирген шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды тактоо боюнча ишти координациялайт, аларга маалымдоо кылуу боюнча ишти уюштурат жана алардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт.
1.5. СӨМ тиешелүү мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери жана аскердик бөлүктөрдүн командирлери менен бирдикте айрым категорияга кирген жарандарды биометрикалык каттоо, аларды шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесине (мындан ары – шайлоочулардын тизмеси) киргизүү, зарылчылык болсо алардын инсандыгын тастыктоочу документтер менен камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат.
Президентти жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине шайлоо күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болушкан жана мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттоодон өтүшкөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелерине шайлоо күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болушкан, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналышкан жана биометрикалык каттоодон өтүшкөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда, паспорттун чибинде жазылган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же болбосо Кыргыз Республикасынын Улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (УПМР) жашаган жеринин дарегин каттоо менен аныкталат.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерине жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналышкан (ID-картада жашаган жерин каттоо жөнүндө белгиси бар) жарандар киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү жашаган жерин каттоо жөнүндө жарандын паспортундагы, паспорттун чибинде жазылган белги менен, же болбосо добуш берүү күнүнө чейинки 60 күндөн кем эмес мөөнөттө жүргүзүлгөн жашаган жеринин дарегин Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (УПМР) каттоо менен аныкталат.
(КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №681, 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомдорунун редакциясында)
1.5-1. Ар бир щайлоочу өзүн шайлоочулардын тизмесинен тактай алат:
-1255 же 119 кыска номерлери боюнча чалуу менен;
-шайлоо участкадан;
-"tizme.gov.kg" сайтынан;
-же болбосо паспортундагы өзүнүн ЖИН - көрсөтүү менен 119 кыска номерине СМС жиберүү аркылуу. Натыйжада шайлоочу өзүнүн шайлоо участкасынын номерин жана дарегин алат (СМС билдирүү жиберүү жана чалуулар акысыз).
Шайлоочу кандай гана болбосун ката же так эместикти тапкан учурда, ошондой эле ал шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсо, добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен ырастоочу документтердин көчүрмөсүн тиркеп, арыз менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга укуктуу, мында шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтөт.
Шайлоочудан белгиленген формадагы арызды алганда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын жана көрсөтүлгөн маалыматтардын паспорттук маалыматтар менен шайкештигин текшергенден кийин, ошондой эле идентификациядан өткөн шартта шайлоочуга арыздын төмөн бөлүгүндө жайгашкан арызды иштеп чыгуунун статусун тактоо боюнча маалыматы бар айрып алма талонду берет.
Тизмеге киргизүү, каталарды же так эместиктерди оңдоо боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуу үчүн көрсөтүлгөн арызды участкалык шайлоо комиссиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы системалык администраторуна токтоосуз өткөрүп берет.
Шайлоочу мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, мамлекеттик порталдагы “шайлоочунун кабинети” деген сервис аркылуу электрондук түрдө да арыз берүүгө укуктуу.
Шайлоочунун арызына жооп арызды берүүдө шайлоочу көрсөткөн дарек боюнча кагаз жүзүндө же электрондук билдирүү түрүндө тиешелүү шайлоо комиссиясы тарабынан 7 календардык күндөн кечиктирбестен жиберилет.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
1.6. ЖӨБО ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын, анын ичинде кресло-коляска же башка көмөкчү жана ыңгайлаштырылган каражаттардын жардамы менен кыймыл-аракет жүргүзгөн шайлоочулардын керектөөлөрүнө жооп берген добуш берүү жайларын берүү маселесин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтөт.
2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу. Алардын активдүү шайлоо укуктарын камсыз кылуу
(Главанын аталышы КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу, анын ичинде добуш берүү үчүн жайдын максималдуу мүмкүн болуучу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте добуш берүү күнүнө чейин 60 календардык күндөн кечиктирбестен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын керектөөлөрүнүн картасын түзөт. Формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
Керектөөлөрдүн картасынын формасы төмөнкү маалыматтарды өзүнө камтыйт:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочунун жеке маалыматтары жөнүндө маалыматтарды (фамилиясын, атын, атасынын атын, жеке идентификациялык номерин, туулган датасын, туруктуу жашаган жеринин дарегин);
-майыптык тобун (I, II, III топ) жана бузулууларынын түрлөрүн (угуусунун, көрүүсүнүн, таяныч-кыймыл аппаратынын функцияларын);
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын зарыл башка керектөөлөрү жөнүндө эскертүүнү.
( КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.2-1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар бир жылдын 1-февралына жана 1-августуна карата абал боюнча көрсөтүлгөн шайлоочулардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө маалыматты көрсөтүлгөн айдын 10-числосунан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө милдеттүү. Керектөөлөрдүн картасынын формасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
( КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.3. ЖӨБО бар болгон маалыматтардын негизинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын тизмесин түзөт жана муниципалдык мекемелер жана аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары (муниципалдык аймактык башкаруулар, үй, көчө жана кварталдык комитеттер, жамааттар ж.б.) аркылуу тиешелүү шайлоо участкасындагы шайлоочулардын тизмесинде аларды тактоо боюнча ишти уюштурат.
Борбордук шайлоо комиссиясынын аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө тиешелүү аймакта жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар жөнүндө маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талапты жибере алат.
( КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.4. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмелерине шайлоо күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болушкан, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналышкан жана биометрикалык каттоодон өтүшкөн Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамааттагы мүчөлүгү добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда, паспорттун чибинде жазылган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же болбосо Кыргыз Республикасынын Улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (УПМР) жашаган жеринин дарегин каттоо менен аныкталат.
КР БШКнын аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлүнүн суроо-талапбы боюнча социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү керектөөлөрдүн карталарын системалуу тактоону жана жаңыртууну жүргүзөт.
(КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №681, 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомдорунун редакциясында)
2.5. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү суралган маалыматтарды калктуу конуштар боюнча берет.
( КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.6. Тиешелүү шайлоо комиссиялары берилген маалыматтардын негизинде шайлоо участкалары боюнча керектөөлөрдүн райондук маалыматтык картасын түзөт, аны андан кийин участкалык шайлоо комиссияларына берет.
( КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.7. Участкалык шайлоо комиссиясы (мындан ары – УШК) тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөөлөрүнүн картасын алып, добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана майып адамдардын коомдук уюмдарынын өкүлдөрүн тартуу менен добуш берүү үчүн жайлардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөөлөрүнө ылайыктуулугуна жана жайгаштырылган маалыматтык материалдардын жеткиликтүүлүгүнө текшерүү жүргүзөт.
( КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.8. Эгерде добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын кирүүсү үчүн атайын ыңгайлуулуктар менен жабдылбаган учурда, шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн добуш берүү үчүн жайдын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жиберет.
( КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссиялары кайрылган учурда, токтоосуз тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү. Шайлоо комиссиясынын кайрылуусун аткарбоо мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
( КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.10. Добуш берүү үчүн жай ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын бул жайга тоскоолдуксуз кирүүсү жана анда добуш берүүсү үчүн керектөөлөрүнө, анын ичинде ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдорунун, жеке автотранспортун токтотуучу атайын жерлердин, имараттын биринчи кабаттарында добуш берүү үчүн жайлардын жайгаштырылышына же лифттердин, эшиктердин кең улагасынын, пандустардын (пандусту орнотуу мүмкүн болбосо, жардамга чакыруу баскычтары менен жабдылышы), төшөмөлөрдүн, тактилдик көрсөткүчтөрдүн, жетиштүү жарыктандыруунун болушуна жана мыйзамдарда белгиленген стандарттарга жооп берүүгө тийиш.
( КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.10-1. Добуш берүү үчүн жайдагы жабдуулар (столдор, добуш берүү үчүн кабиналар жана урналар), ошондой эле маалыматтык такталар колясканы пайдаланган же өз алдынча жүрүүдө кыйынчылыктары бар шайлоочулар үчүн анын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылгыдай жайгаштырылышы керек.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.11. Участкалык шайлоо комиссиялары башка шайлоочулар менен катар эле таяныч-кыймыл аппаратынын функциялары бузулган, ары-бери жүрүү үчүн колясканы пайдаланган шайлоочулар добуш берүү үчүн жайларда шайлоочу тарабынан шайлоо бюллетенин толтуруу жолу менен эрк-ниетин билдирүүдө ыңгайлуулукту камсыз кылуу үчүн атайын кабинаны (бийиктиги 75 см. кем эмес башка атайын жабдылган орун) орнотууга милдеттүү.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.12. Атайын жабдылган кабина же атайын жабдылган орун шайлоо бюллетенин толтурууда добуш берүүчүнүн эрк-ниетин билдирүүсүнүн жашырындуулугун камсыз кылууну эске алуу менен орнотулууга тийиш.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.13. УШК мүчөлөрү добуш берүү тартибинин маселелери жөнүндө көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларга консультация, өзүн шайлоочулардын тизмесинде тактоодо жардам бере алышат.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.14. Шайлоочулардын тизмесинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды тактоо ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.15. Участкалык шайлоо комиссиялары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү (шайлоочулар болуп саналышкан шайлоочулар тууралуу тиешелүү маалыматтарды (Керектөөлөрдүн картасын) алгандан кийин алардын добуш берүүчү жерлери жөнүндө (шайлоо участкасынын добуш берүү үчүн жайында же добуш берүү үчүн жайдан тышкары) жана добуш берүүдө аларга көмөк көрсөтүүнүн зарылдыгы жөнүндө маалыматтарды тактайт.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.16. Ушул маалыматтарды алууда УШК суроо-талабы боюнча социалдык кызматкерлер шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтө алышат.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.17. Ушул маалыматтарды алууда УШК суроо-талабы боюнча социалдык кызматкерлер шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтө алышат.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
2.18. Саясий партиялар шаардык кеңештерге саясий партиялардан талапкерлердин тизмесин түзүүдө 1 талапкерден кем эмес – ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды киргизүүгө милдеттүү.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
3. Добуш берүү күнү социалдык тейлөө жана саламаттык сактоо уюмдарында, мекемелеринде жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу
3.1 Социалдык тейлөө мекемелеринин жетекчилери шайлоого жана референдумга катышуу үчүн социалдык тейлөө мекемелеринде жүргөн жарандардын катышуусун камсыз кылуу боюнча ишти уюштурат.
3.2. Мекеменин өкүлү тарабынан социалдык тейлөө жана саламаттык сактоо мекемелеринде жүргөн жарандар боюнча бардык маалыматтар такталат.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
3.3. (КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.4. (КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.5. Шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн мекеменин жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалыматтар добуш берүү күнүнө чейин 12 календарлык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берилет жана анда төмөнкү маалыматтар камтылат: ушул Жобонун № 1-тиркемесине ылайык жарандардын тизмеси жана алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен шайлоочулардын тизмесинде маалыматтарды тактоо тууралуу жарандардын арыздары (ушул Жобонун 2-тиркемеси).
(КР БШКнын 2020-жылдын 4-февралындагы №30, 2021-жылдын 5-сентябрындагы №681 токтомдорунун редакциясында)
3.6. Маалыматтарды алгандан кийин шайлоо комиссиялары шайлоочулардын тизмесинде алардын болуусун текшеришет жана добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү үчүн шайлоочулардын реестрине киргизет.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
3.7. (КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.8. (КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.9. Саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президентин жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жана референдумду өткөрүүдө добуш берүү күнүнө чейин 12 календарлык күндөн кечиктирбестен стационардын шарттарында жүргөн шайлоочу жөнүндө маалыматты аймагында ушул мекеме жайгашкан шайлоо комиссиясына жөнөтөт. Мекеменин жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалыматтар төмөнкүлөрдү камтыйт: алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен ушул Жобонун № 1-тиркемесине ылайык жарандардын тизмесин.
(КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №681 токтомунун редакциясында)
3.10.. (КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №681 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.11. Бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиясына анда шайлоо өтүп жаткан бир мандаттуу шайлоо окурунунун курамына кирген жана алар стационардын шарттарында жүргөн дарылоо мекемеси турган тиешелүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган жарандарга гана маалыматтар берилет. Туруктуу жашаган жери добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда/паспорттун чибинде жазылган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же болбосо Кыргыз Республикасынын Улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (УПМР) жашаган жеринин дарегин каттоо менен ырасталат.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө участкалык шайлоо комиссиясына шайлоо өткөрүлүп жаткан администрациялык-аймактын бирдигинин аймагында паспортундагы белгиге ылайык туруктуу жашаган жана аймагында жайгашкан дарылоо мекемесинде стационардын шарттарында жүргөн жарандарга гана маалыматтар берилет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №681 токтомунун редакциясында)
3.12. (КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №681 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3.13. Участкалык шайлоо комиссиясына берилген маалыматтар жайдан тышкары добуш берүү үчүн шайлоочулардын реестрине киргизилет.
4. Чакыруу же контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жүргөн аскер кызматчыларынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу
4.1. Аскер бөлүктөрүнүн командирлери аскер кызматчыларынын шайлоо укуктарын, анын ичинде аскер кызматчыларын добуш берүүгө уруксат берүү үчүн инсандыгын тастыктоочу документтер менен камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат.
4.2. Аскер кызматчыларында документтер жок болгон учурда аскер бөлүктөрүнүн командирлери аларды алуу үчүн МКК менен өз ара аракеттенет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №681 токтомунун редакциясында)
4.3. Аскер кызматчыларынын биометрикалык каттоосу жок болгон учурда аскер бөлүктөрүнүн командирлери аскер кызматчыларынын биометрикалык каттоодон өтүүсү боюнча ишти уюштурат. Шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын топтоо добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен аскердик бөлүктүн аймагында уюштурулат. Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча МККнын көчмө тобунун иштөө графиги аскердик бөлүктүн командири менен бирдикте түзүлөт. Биометрикалык каттоодон өткөндөн кийин МКК жарандарды ID-картада көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык шайлоо участкасынын шайлоочуларынын тизмесине киргизет.
4.4. Президентти жана бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн бөлүктүн командири тарабынан күбөлөндүрүлгөн аскер кызматчылары жөнүндө маалыматтар добуш берүү күнүнө чейин 12 календарлык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берилет жана өзүнө төмөнкүнү камтыйт: алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык жарандардын тизмесин.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган аскер кызматчылары киргизилет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №681 токтомунун редакциясында)
4.5. Маалыматтарды алгандан кийин шайлоо комиссиялары бул жарандардын шайлоочулардын тизмесинде болуусун текшерет жана добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү үчүн шайлоочулардын реестрине киргизет.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
4.6. Бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо аскер бөлүктөрүнүн командирлери анын аймагында шайлоо өтүп жаткан аймакта туруктуу жашаган жана ошондой эле алардын аскердик кызматын өтөө орду болгон аскер кызматчыларына добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда/паспорттун чибинде жазылган жашаган жерин каттоо жөнүндө белгиге же болбосо Кыргыз Республикасынын Улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (УПМР) жашаган жеринин дарегин каттоого ылайык алар киргизилген шайлоо участогунда добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышат.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө аскер бөлүктөрүнүн командирлери шайлоо өткөрүлүп жаткан аймакта туруктуу жашаган жана аскер кызматын өтөө орду болгон аскер кызматчыларына паспорттогу белгиге ылайык алар киргизилген шайлоо участкасында добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышат.
(КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №681 токтомунун редакциясында)
4.7. Аскер бөлүктөрүнүн командирлери тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында аскер кызматчыларынын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылышат.
4.8. Аскер бөлүктөрүнүн командирлери добуш берүү күнүнө чейин үч күндөн кечиктирбестен жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн добуш берүү күнү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын жана мамлекеттик чек араны түздөн-түз коргоочу бөлүмчөлөрүнүн аймагында жашаган алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмесин тиешелүү шайлоо комиссиясына берет.
(КР БШКнын 2020-жылдын 4-февралындагы №30 токтомунун редакциясында)
5. Кылмыш жасоого шектүү жана айыпталуучу катары кайтаруудагы кармоо жерлеринде жүргөн жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу
5.1. Кылмыш жасоого шектүү жана айыпталуучу катары жарандар кармалган мекемелердин жетекчилери алардын шайлоо укуктарын, анын ичинде алардын добуш берүүсүнө уруксат берүү үчүн исандыгын күбөлөндүрүүчү документтер менен камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат.
5.2. Ушул категориядагы жарандардын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтери жок болгон учурда мекемелердин жетекчилери ал жарандардын жазык иштери өндүрүшүндө болгон органдарга маалымат берет.
Жазык иштери өндүрүшүндө болгон органдар МКК менен өз ара аракеттешип, жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы жарандардын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтерин алууну уюштурат.
(КР БШКнын 2020-жылдын 4-февралындагы №30, 2021-жылдын 5-сентябрындагы №861 токтомдорунун редакциясында)
5.3. Жарандардын аталган категориясынын биометрикалык каттоосу жок болгон учурда мекемелердин жетекчилери алардын биометрикалык каттоодон өтүүсү боюнча ишти уюштурат. Бул жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен кайтаруудагы камоо жерлеринде уюштурулат. Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча МККнын көчмө тобунун иштөө графиги мекемелердин жетекчилери менен бирдикте түзүлөт. Биометрикалык каттоодон өткөндөн кийин МКК жарандарды ID-картада көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине киргизет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №861, 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомдорунун редакциясында)
5.4. Президентти жана бирдиктүү шайлоо окуругу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону жана референдум өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн мекемелердин жетекчилери тарабынан күбөлөндүрүлгөн кайтарууда камактагы жарандар жөнүндө маалыматтар добуш берүү күнүнө чейин 12 календарлык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берилет жана өзүнө төмөнкүнү камтыйт: алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык жарандардын тизмесин.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №861 токтомунун редакциясында)
5.5. Бир мандаттуу округдар боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиясына анда шайлоо өтүп жаткан бир мандаттуу шайлоо окурунунун курамына кирген жана алар камакта болгон мекеме турган тиешелүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган жарандарга гана маалыматтар берилет. Туруктуу жашаган жери добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда/паспорттун чибинде жазылган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же болбосо Кыргыз Республикасынын Улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (УПМР) жашаган жеринин дарегин каттоо менен ырасталат.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө участкалык шайлоо комиссиясына шайлоо өткөрүлүп жаткан администрациялык-аймактын бирдигинин аймагында паспортундагы белгиге ылайык туруктуу жашаган жана аймагында жайгашкан камоодогу мекемеде жүргөн жарандарга гана маалыматтар берилет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №861 токтомунун редакциясында)
5.6. Маалыматтарды алгандан кийин шайлоо комиссиялары алардын шайлоочулардын тизмесинде болуусун текшерет жана добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү үчүн шайлоочулардын реестрине киргизет.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
5.7. (КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5-1. Иш цикли үзгүлтүксүз ишканаларда (вахталык иш) иштеген жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу.
5-1.1. Иш цикли үзгүлтүксүз ишканалардын жетекчилери Президентти жана бирдиктүү шайлоо окуругу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жана референдум өткөрүүдө добуш берүү күнүнө чейин 12 календардык күндөн кечиктирбестен вахталык ыкмасы боюнча иштеген шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды ушул мекеме жайгашкан участкалык шайлоо комиссиясына жөнөтөт. Жетекчинин колу коюлуп, ишкананын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалыматтар төмөнкүнү өзүнө камтыйт: алардын паспортторунун көчүрмөлөрүн тиркөө менен ушул Жобого 1-тиркемеге ылайык жарандардын тизмесин.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган Кыргыз Республикасынын жарандары киргизилет.
(КР БШКнын 2020-жылдын 4-февралындагы №30, 2021-жылдын 5-сентябрындагы №861 токтомдорунун редакциясында)
5-1.2. Бир мандаттуу округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо участкалык шайлоо комиссиясына маалыматтар шайлоо өткөрүлүүчү жана ишкана жайгашкан, анда алар вахталык ыкма менен иштешкен, бир мандаттуу шайлооо округунун курамына киргизилген тиешелүү айыл аймагында, шаарда туруктуу жашаган жарандарга гана берилет. Туруктуу жашаган жери добуш берүү күнүнө чейинки 90 күндөн кем эмес мөөнөттө жарандын паспортунда/паспорттун чибинде жазылган жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же болбосо Кыргыз Республикасынын Улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде (УПМР) жашаган жеринин дарегин каттоо менен ырасталат.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өткөрүү учурунда участкалык шайлоо комиссиясына маалыматтар паспорттогу белгисине ылайык шайлоо өткөрүлүүчү жана ишкана жайгашкан администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жарандарга гана берилет.
(КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №861 токтомунун редакциясында)
5-1.3. (КР БШКнын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №861 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5-1.4. Маалыматтарды алгандан кийин шайлоо комиссиялары алардын шайлоочулардын тизмесинде болуусун текшерет жана добуш берүү үчүн жайдан тышкары добуш берүү үчүн шайлоочулардын реестрине киргизет.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
6. Жарандардын айрым категориялары үчүн жайдан тышкары
добуш берүүнү уюштуруу
6.1. Участкалык шайлоо комиссиясы жашаган жери же иш жүзүндө жүргөн жери боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын айрым категорияларынын добуш берүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
6.2. Участкалык шайлоо комиссиясы жарандардын төмөнкү категориялары үчүн жайдан тышкары добуш берүүсүн уюштурат:
– ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участкасына келе албаган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар;
– добуш берүү күнү социалдык тейлөө жана саламаттык сактоо уюмдарында жана мекемелеринде болгон шайлоочулар;
– чакыруу же контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү;
–кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында кармалып турган шайлоочулар;
– алыскы жана жетүүгө кыйын райондордо жайгашкан жерлерде, мал чарбасынын алыскы участкаларында убактылуу жашаган шайлоочулар;
– ишинин цикли үзгүлтүксүз ишканаларда иштеген шайлоочулар добуш берүү күнү кайтарууда кармоо жерлеринде жүргөн шайлоочулар;
– вахталык ыкмада иштеген шайлоочулар;
(КР БШКнын 2024-жылдын 1-октябрындагы №155 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124, 2024-жылдын 1-октябрындагы №155 токтомдорунун редакциясында)
6.3. Жайдан тышкары добуш берүү ЖӨБО же тиешелүү мекемелердин жетекчилери тарабынан берилген маалыматтардын же шайлоочунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде добуш берүү күнүнө чейин бир күн мурда гана өткөрүлөт.
Мамлекеттик чек араны түздөн-түз коргоочу алыстагы бөлүмчөлөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен жайдан тышкары добуш берүү үчүн зарыл чараларды уюштурат.
(КР БШКнын 2020-жылдын 4-февралындагы №30 токтомунун редакциясында)
6.4. Жайдан тышкары добуш берүү үчүн арыздар добуш берүү күнүнө чейин үч календарлык күндөн кечиктирбестен берилет. Жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө арызда шайлоочу добуш берүү жайына келе албаган себеби жана шайлоочу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлүшү керек.
6.5. Участкалык шайлоо комиссиясы жайдан тышкары добуш берүүгө келип түшкөн бардык арыздарды реестрде каттайт жана добуш берүү күнүнө чейин эки күн мурда жалпы таанышуусу үчүн жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесин илет.
Жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын реестрине добуш берүү күнү шайлоо участкаларында колдонуу үчүн КР БШКдан алынган шайлоочулардын биротоло тизмесинде камтылган шайлоочулар гана киргизилет. Жайдан тышкары добуш берүү жөнүндө арыздардын реестринин негизинде участкалык шайлоо комиссиясы жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесин түзөт, алар менен жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочуларга барышат. Жайдан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесинин формасы шайлоочулардын биротоло тизмесинде камтылган графаларды камтыйт. Жайдан тышкары добуш берүү аяктагандан кийин шайлоочулардын биротоло тизмесиндеги “Өзгөчө белги” графасына “Жайдан тышкары добуш берди” деген белги коюлат.
(КР БШКнын 2017-жылдын 4-июлундагы №200 токтомунун редакциясында)
7. Айрым категориядагы жарандарды маалымдоо боюнча ишти уюштуруу жана алардын арасында шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү тартиби
(Глава КР БШКнын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452 токтомунун редакциясында)
7.1. Шайлоону маалыматтык жактан камсыз кылуу өзүнө шайлоочуларга маалымат берүүнү, шайлоо алдындагы үгүттү камтыйт жана жарандардын аң-сезимдүү эрк-ниетин билдирүүсүнө жана шайлоонун айкындыгына өбөлгө болот.
(КР БШКнын 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 452 токтомунун редакциясында)
7.2. Шайлоочуларды маалымдоону мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, шайлоо комиссиялары, жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жана жеке жактар «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат.
Шайлоо комиссиялары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды маалымдоо боюнча зарыл болгон атайын чараларды көрөт.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
7.3. Шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында кармалып турган шайлоочуларды маалымдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен бирдикте шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124, 2024-жылдын 1-октябрындагы токтомдорунун редакциясында)
7.4. Социалдык тейлөө жана саламаттык сактоо уюмдарынын жана мекемелеринин, аскердик бөлүктөрдүн, кылмыш жасады деп шектелген жана айыпталган адамдар камакта кармалган мекемелердин жайларында маалымоо максатында шайлоо дайындалган учурдан тартып маалыматтык материалдарды илүү үчүн атайын жеткиликтүү орундар уюштурулат.
Шайлоого тиешелүү маалыматтык материалдарды тиешелүү шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү көрсөтүлгөн мекемелердин жана аскердик бөлүктөрдүн жетекчилерине берет.
(КР БШКнын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452 токтомунун редакциясында)
7.5. Көрсөтүлгөн, катталган талапкерлер жөнүндө, талапкердин жана саясий партиянын шайлоо фондусуна каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы тууралуу, шайлоо фондунда талапкерлердин жана саясий партиялардын финансылык отчеттору жөнүндө шайлоочуларды маалымдоону шайлоо комиссиялары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырылуучу же башка ыкма менен жайылтылуучу маалыматтык материалдардын мазмуну объективдүү, анык болууга тийиш, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузбашы керек, аларда кайсы бир талапкерге, саясий партияга артыкчылык берилбөөгө тийиш, тиги же бул талапкерге, саясий партияга же болбосо аларга каршы шайлоо алдындаг үгүттүн белгилерин камтыбоого тийиш.
(КР БШКнын 2024-жылдын 16-сентябрындагы №124 токтомунун редакциясында)
7.6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ар бирине, бир мандаттуу округдар боюнча депутаттыкка талапкерлерге, Жогорку Кеңешке же шаардык кеңешке шайлоо үчүн талапкерлердин тизмесин көрсөткөн партияларга, референдумдун “макул”/“каршы” топторуна социалдык тейлөө жана саламаттык сактоо мекемелериндеги, аскер бөлүктөрүндөгү жарандар арасында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тең шарттары камсыз кылынат.
Өзгөчө режимде тургандыгына байланыштуу кылмыш жасоого шектелүүчү жана айыпталуучу катары камакта кармалып турган жарандар арасында үгүттөө талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, алардын ишенимдүү адамдары, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, референдумдун “макул”/“каршы” тобунун өкүлдөрү менен жолугушуу формасында өткөрүлбөйт. Аталган категориядагы шайлоочуларды үгүттөө нускалары тийиштүү шайлоо комиссиялары тарабынан аталган мекемелердин жетекчилерине берилген басма үгүт материалдарын таратуу формасында гана жүргүзүлөт. Талапкерлерге, саясий партияларга өзүнүн үгүт материалдарын таратуу үчүн тең шарттар камсыз кылынууга тийиш.
(КР БШКнын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452, 2021-жылдын 5-сентябрындагы №681 токтомдорунун редакциясында).
7.7. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүүгө 24 саат калганда токтотулат.
(КР БШКнын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452 токтомунун редакциясында).
7.8.Талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, референдумдун “макул”/“каршы” тобунун өкүлдөрүнүн социалдык тейлөө жана саламаттык сактоо мекемелериндеги, аскер бөлүктөрүндөгү жарандар менен жолугушууларын уюштуруу округдук, аймактык шайлоо комиссияларына жана жогоруда көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилерине, аскер бөлүктөрүнүн командирлерине жүктөлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлүнүн суроо-талабы боюнча көрсөтүлгөн мекемелердин жетекчилери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери аларда турган шайлоочулар талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, алардын ишенимдүү адамдарынын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, референдумдун “макул”/“каршы” тобунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу өткөрүлө турган күндү белгилейт. Алынган маалыматтын негизинде жолугушуулардын графиги түзүлөт, ал округдук, аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жеткиликтүү жерге илинип коюлат.
Округдук, аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлерди, саясий партиялардын өкүлдөрүн, алардын ишенимдүү адамдарын, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, референдумдун “макул”/“каршы” тобунун өкүлдөрүн график жөнүндө кабарландырат.
(КР БШКнын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452, 2021-жылдын 5-сентябрындагы №681 токтомдорунун редакциясында)
7.9. Ар бир мекемеде үгүт жүргүзүү мезгилинде шайлоо комиссиялары тарабынан белгиленген графикке жана талапкерлер, саясий партиялар, ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ишенимдүү адамдар берген арызга ылайык белгиленген убакытка мекемелердин жетекчилери тарабынан акысыз берилген жайларда бир жолу жалпы жолугушуу өткөрүлөт.
Жолугушууга катышуу жөнүндө арызда милдеттүү түрдө ФАА жана байланыш маалыматтары көрсөтүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн мекемелерде жүргөн шайлоочулар менен жолугушууларга бир талапкерден, саясий партиядан, референдумдун “макул”/“каршы” тобунан экиден көп эмес өкүл катыша алат.
(КР БШКнын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452 токтомунун редакциясында)
7.10. Талапкерлердин жана/же алардын ишенимдүү адамдарынын бардык жолугушууларында округдук, аймактык же участкалык шайлоо комиссиясынын өкүлү милдеттүү түрдө катышат.
(КР БШКнын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452, 2021-жылдын 5-сентябрындагы №681 токтомдорунун редакциясында)
7.11. Шайлоо комиссиялары мыйзамдарда белгиленген тартипте шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү тартибинин сакталышын контролдойт. Мекемелердин жетекчилери шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүүгө жана маалыматтык жана үгүт иш-чараларын жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.
(КР БШКнын 2017-жылдын 15-сентябрындагы №452 токтомунун редакциясында)