КМШ миссиясынын башчысы, Василий Волков: «Кыргызстанда добушту эсептөөчү системаны алдоого болбойт»
10 января 2021
Василий Волков, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Эл аралык байкоочулар миссиясынын жетекчиси өзү жетектеген Эл аралык байкоочулардын Кыргызстанда башталган добуш берүү боюнча алган таасирлери жөнүндө айтып берди.
«Биздин делегация – Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин миссиясына кирген 138 адам, биз Кыргызстандын дээрлик баардык аймагын камтыдык. Биздин кишилер буга чейин да добуш берүү жөнүндө маалымат беришти. Кечээ, жымжырттык күнү, ден соолугуна байланыштуу шайлоо участогуна келе албаган жана шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү чакыра алгандардар гана добуш беришти. Мындай шайлоочулардын саны 20 миңге жакын болчу. Биздин байкоочулар кечээ эч кандай сын пикир жана көйгөйлүү маселени байкашкан жок.
Бүгүн баардыгы шайлоо участокторго 8.00гө чейин жөнөп кетишти, бардыгы мыйзамдын чегинде жүрүп жатат деген кабарларды берип жатышат. Шайлоочулардын агымынын кыймылы туура уюштурулган: адам добуш бергенден кийин башка эшиктен чыгат. Санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдын эрежелери дагы эске алынган. Катуу тартип сакталган, бет кап, санитардык каражаттар бар. Бет капсыз өтөйүн дедим эле, алар мени токтотушту. Менимче азаматтар, деп ойлоймун. Баардыгы БШКнын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин талаптарына ылайык.
Бардык кандидаттар шайлоого өздөрүнүн байкоочуларын сунушташкан, добуштарды автоматтык эсептөөчү системага ишенишет, шайлоо комиссияларына да ишенээри айкын болду. Бул албетте туура.
Биз Россия Федерациясында, Кыргызстандагы добуштарды эсептөө системасына бир аз кызганычтабыз. Бул системаны алдоого болбойт. Эгерде эки бюллетенди таштоого аракет жасасаң, андан майнап чыкпайт. Бюллетендерди система кайра артка чыгарып салат. Элдер дагы ушул системага ишениши зарыл. Менин көз карашымда, бардыгы мыйзамдын чегинде болушу керек», - деди ал.
КР БШК Маалыматтык бөлүм
