КМШ миссиясы: “Шайлоонун айкындуулугун жана аныктыгын камсыздоо боюнча мындай комплекстүү тутум КМШнын бир дагы өлкөсүндө жок”
09 января 2021
КР Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекова Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен эл аралык байкоочулар миссиясы менен жолукту
Миссия башчысы Василий Волков миссия көпчүлүгү ар кайсы өлкөлөрдөгү шайлоолордо байкоо жүргүзүүдө тажрыйбасы, кесиптик жагынан даярдыгы бар 138 адамдардан турары жөнүндө маалымдады.
“Биз азырынча кандайдыр бир кемчилик тапкан жокпуз, деп билдирди ал. Президенттик шайлоо жана референдум кырдаалды турукташтуруунун башаты болуп, өлкө өнүгүү жолуна түшүүсүн каалайбыз”.
Н. Шайлдабекова КР БШКнын алдында шайлоолорду өткөрүүнүн жыш графиги турат, - деп маалымдады, - бул – 2021-жылы апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, Жогорку Кеңешти кайра шайлоо, ошондой эле Конституциянын долбоору боюнча референдум өтүшү мүмкүн.
БШК башчысы автоматтык эсептөөчү урналардан маалыматтарды алуу боюнча тест өткөрүлүп жатканын белгиледи.
“Алгачкы он мүнөттүн ичинде урналардын дээрлик 80%ынан, алгачкы биринчи саатта урналардын 93,5%ынан жыйынтыктар келип түшүүдө”, - деп белгиледи Н. Шайлдабекова.
КМШ Аткомунун төрагасынын биринчи орун басары Виктор Гуминский минтип айтты: “Шайлоонун айкындуулугун жана аныктыгын камсыздоо боюнча мындай комплекстүү тутуму КМШнын бир дагы өлкөсүндө жок. Башка өлкөлөрдө кандайдыр бир элементтер бар, бирок жыйындысында мындай тутум жок”.
Эл аралык байкоочулар 2020-жылдын октябрында КР ЖК депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө БШКнын позициясы укук ченемдүү болгонун белгилешти.
Эл аралык байкоочулар алдыдагы референдумга абдан кызыгышканын көрсөтүштү. Кыргызстандагы кеңеш берүүчү референдум алгач ирет өткөрүлүүдө жана өнүгүү көз карашынан алганда референдум – бул шайлоочуларга маанилүү маселелер боюнча чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берүүчү оң көрүнүш. Швейцарияда жылына ар кандай маселелер боюнча 4 жолу референдум өткөрүлүшү мүмкүн экендиги айтылды.
КР БШК маалымат бөлүмү









