БШК башчысы Н. Шайлдабекова Россия Федерациясынын эл аралык байкоочулар менен жолукту
09 января 2021
КР Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Н. Шайлдабекова Россия Федерациясынын эл аралык байкоочулар менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы чет өлкөлүк кесиптештерге алдыдагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону жана Кыргыз Республикасында башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди.
“Шайлоо процессинин айкындуулугун жана добуш берүү жыйынтыктарынын аныктыгын камсыздоодогу жетишкендиктер эркин жана адилет шайлоо өткөрүү үчүн жетишсиз болуп калды. Шайлоо процессинин катышуучуларынын укук маданиятын арттыруунун үстүндө иштөө дагы маанилүү. Шайлоо мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу жана аларга карата чара көрүү боюнча натыйжалуу чаралар көрүлдү. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топ (ЫАКТ) сапаттык жаңы деңгээлде иштөөдө. Өкмөт шайлоо процессинин убагында бузууларга каршы натыйжалуу аракеттенүү түрүндө өз эркин көрсөткөнү буга түрткү болду.”, - деп белгиледи ал.
БШК башчысы эл аралык байкоочуларга учурдагы өнөктүктүн жүрүшүндө добуштарды сатып алууга жана административдик ресурсту пайдаланууга каршы аракеттенүү күч-аракеттерди жумшоонун артыкчылыктуу багыттары болуп калууда, себеби ал бузуулар шайлоочулардын эрк-ниетин билдирүүсүн бурмалаган факторлордон болууда деп билдирди.
КР БШК башчысы эл аралык байкоочуларды ЫАКТтын ишине байкоо жүргүзүүгө чакырды.
“Шайлоо процессинин убагында бузуулардын деңгээли төмөндөгөнү белгиленүүдө. Бузууларга байланыштуу жалпысынан 500 билдирүү түшкөн мурдагы шайлоо өнөктүктүгүнө салыштырганда азыркы учурда бул сан 75ти гана түзүүдө ”, - деди ал.
Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алексей Чепа Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы достук мамилелердин улантылышына Россия тарап кызыкдар экендигин билдирди. Кыргызстандын көп сандагы жарандары Россия Федерациясынын аймагында жашаганын эске алып, А.Чепа Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.




КР БШК маалымат бөлүмү
