БШК КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумуна эл аралык байкоочуларды аккредитациялады

07 января 2021

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 7-январындагы жыйынында КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого жана референдумга “Россиянын жаштар жана балдар Улуттук кеңеши” коомдук бирикмелер Ассоциациясынын 17 өкүлүн эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо боюнча токтом кабыл алды:

Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-21-пункттарына, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдумда эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ыйгарым укуктары, статусу жана ишмердигинин тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды.
2021-жылдын 7-январына карата БШК дүйнөнүн 44 мамлекетинен 35 эл аралык уюмдун атынан 333 эл аралык байкоочуну каттады.

КР БШК Маалыматтык бөлүмү