БШК КР референдумуна эл аралык байкоочуларды аккредитациялады
04 января 2021
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 4-январындагы жыйынында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумуна, мурда КР БШК токтому менен КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого аккредитацияланган жана Кыргыз Республикасынын референдумуна мониторинг жургүзүү жөнүндө билдирүү берген эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо боюнча токтом кабыл алды:
Каргар Абдул Маджид, Кыргыз Республикасындагы Афганистан Ислам Республикасынын элчилигинин убактылуу ишенимдүү адамы жана биринчи катчысы
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун парламенттик ассамблеясы
(ЖККУ ПА)
Макежанов Султанбек Алмасбекович, Казакстан Республикасы, Казакстандын Сенатынын депутаты
Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы
Анапин Максатхан Анапияевич, Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын кеңешчиси
Тажикстан Борбордук шайлоо комиссиясы
Самадзода Навруз Абдулхамидович, Тажикстандын борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын жетекчиси, катчы.
Токтом “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 19-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-21-пункттарына, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдумда эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ыйгарым укуктары, статусу жана ишмердигинин тартиби жөнүндө” Жобого ылайык кабыл алынды.
2021-жылдын 4-январына карата БШК дүйнөнүн 44 мамлекетинен 34 эл аралык уюмдун атынан 315 эл аралык байкоочуну каттады.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
