КР БШКсы дагы 78 эл аралык байкоочуну каттады
26 декабря 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 26-декабрындагы жыйынындагы чечими менен төмөнкү ар кандай миссиялардын 78 өкүлүн Эл аралык байкоочу катары Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого аккредитациялады.
|
1 |
КМШ миссиясы |
44 |
|
2 |
Кыргыз Республикасындагы Казахстан Республикасынын элчилиги |
1 |
|
3 |
Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилиги |
6 |
|
4 |
КРдагы Француз элчилиги |
2 |
|
5 |
КРдагы Венгриянын элчилиги |
1 |
|
6 |
КРдагы Нидерланды Королевствосунун элчилиги |
2 |
|
7 |
КРдагы Финляндиянын элчилиги |
1 |
|
8 |
КРдагы Туркменистандын элчилиги |
1 |
|
9 |
КРдагы Великобританиянын элчилиги |
7 |
|
10 |
КРдагы ЕС өкүлчүлүгү |
6 |
|
11 |
НДИ өкүлчүлүгү |
2 |
|
12 |
ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча Бюросу |
5 |
|
Жыйынтыгы: |
78 |
|
Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КР мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-21-пункттарына, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жана референдумда эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ыйгарым укуктары, статусу жана ишмердигинин тартиби жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5 бөлүктөрүнө ылайык кабыл алынды.
2020-жылдын 26-декабрына карата БШК тарабынан дүйнөдөгү 34 өлкөдөн жана 25 эл аралык уюмдардан 198 байкоочу аккредитацияланды.
КР БШК Маалыматтык бөлүмү
